Кытай Нэнси Пелосиге санкция киргизет

Кытайдын тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосиге санкция киргизет.

Кытай мыйдай чечимди Нэнси Пелоси 2-августта АКШ Конгрессинин делегациясы менен Тайванга баргандан кийин кабыл алды. Расмий Бээжин Пелоси Тайванга учуп келер алдында эле АКШга бул сапарды өз эгемендигине доо кетирүү катары бааларын билдирип, анын кесепети жаман болорун Вашингтонгго эскерткен.

Белгилей кетсек, чектөө чаралары бир эле Нэнси Пелосиге эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата да колдонулат. Мындай санкцияга былтыр АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео да кабылган. Ал Тайванды «эркин жана эгемен мамлекет» катары таанууга чакырган.

Нэнси Пелоси Тайванда болуп кеткенден кийин Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да билдирүү жасап, Тайванды Кытайдын жери деп тааный турганын билдирген.