
Бишкектеги №6 мектеп-гимназия онлайн-форматта окууга өтмөй болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мектепте эки окуучудан коронавирус табылган.
Кошумчалагандай, шаардагы дагы бир нече мектеп карантинге жабылышы мүмкүн.