Home Blog Page 1809

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов шайлоого талапкерлигин койду

Белгилүү болгондой, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин “Кыргызстан” партиясынын учурдагы депутаты, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов билдирди.
 
Абдыкеримов Нарын облусунун №33 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча “Кыргызстан” партиясынан өзүн өзү көрсөтүү үчүн арыз берүүнү пландап жатат.
 
Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28 -ноябрга белгиленген.

Сүйүн Өмүрзаковду ИИМден узатуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 11-октябрда министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковду ИИМден узатуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, башкармалыктардын башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков Министрлер Кабинетинин эки тескемеси менен тааныштырды.
Биринчиси, ИИМдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун берген арызына байланыштуу кызмат ордунан бошотулгандыгын жана ИИМдин биринчи орун басарлык кызматына, милициянын полковниги Адыл Бийбосунов дайындалгандыгын билдирди. Адыл Бийбосунов буга чейин ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген.
Адилет Жанузаков менен Улан Ниязбеков биринчи орун басарды узатуу учурунда Сүйүн Өмүрзаковдун чыныгы профессионал экендигин, 30 жылдан ашуун ички иштер органдарынын катарында үзүрлүү жана татыктуу ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүн баса белгилешип, мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Ал эми Сүйүн Өмүрзаков өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди: “Өз сөзүндө мен министрдин биринчи орун басары катары кызматта олтуруп убактылуу рапортумду жазып шайлоого катышсам деле болмок. Бирок мен жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой, шайлоого башка талапкерлер менен бирдей атаандаштыкта калыс катышайын деп чечтим. Ошол себептүү мен Ички иштер министрлигиндеги министрдин биринчи орун басары жогорку кызматымды тапшырып, шайлоого аттандым. Мен үчүн Кыргыз мамлекетине кызмат кылуу менин милдетим жана парзым. Сиздердин ар бириңиздерди кымбат жана даражалуу адам катары баалаймын.
Мен адилеттүүлүк үчүн, эл-журтумдун жыргалчылыгын, өнүккөн, гүлдөгөн мамлекетибиздин келечеги үчүн менин да жоопкерчилигим бар экенин сезем, туям жана кызматымды арнаймын! Мен 30 жылдан ашуун ички иштер органдарымдагы кызматымда чоң жоопкерчиликти алуу менен дайыма өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук үчүн кызмат өтөп келдим. Мен үчүн өлкөбүздүн, элибиздин тынчтыгы өтө маанилүү. Мен Сиздер менен биргеликте адилеттүүлүк жана жаратмандык идеяларды ишке ашырууга, саясий ишмердүүлүгүбүздү мыйзам жолунда улантуу менен бирге Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылууга дайым даяр экенимди дагы жолу белгилеймин”,-деди Сүйүн Өмүрзаков.

Whatsapp image 2021 10 11 at 16. 55. 01 1 сүйүн өмүрзаковду иимден узатуу аземи болуп өттү
Whatsapp image 2021 10 11 at 16. 55. 01 2 сүйүн өмүрзаковду иимден узатуу аземи болуп өттү

ИИМдин басма сөз кызматы

«Ыйман Нуру» партиясынан ырчы Айпери Кубик кызы шайлоого катышат

Ырчы Айпери Кубик кызы парламенттик шайлоого «Ыйман Нуру» партиясы менен бара турганы айтылууда. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-октябрда «Ыйман Нуру» партиясы кезектеги курултайын өткөргөн, ага ырчы Айпери Кубик кызы да катышкан. 

Президент Индиянын ТИМ министрин кабыл алды

 Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, өлкөдө расмий сапар менен келген Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалымат боюнча, кызыгуу жараткан бардык багыттар, кыргыз-индия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, аскердик-коргонуу, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы салттуу достук жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген өлкөлөр ортосундагы терең саясий өз ара түшүнүшүүнү канааттануу менен белгиледи.
Президент акыркы жылдары эки тараптуу сооданын өсүшү байкалганын белгилеп, Индия Кыргызстанга фармацевтикалык өнүмдөрдү жеткирүүчүлөрдүн негизгилеринин бири жана текстиль өнөр-жайын, медициналык туризм жана башка тармактарды камсыздоодо маанилүү роль ойноорун кошумчалады.
Садыр Жапаров билдиргендей, Кыргызстан Индия менен энергетика, кайра иштетүүчү өндүрүш, айыл-чарбасы, медицина жана туризмге түз инвестиция жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар.
Ошондой эле, Мамлекет башчысы эки жана көп тараптуу форматтарда натыйжалуу өнүгүп жаткан, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы коопсуздук жана аскердик иш жаатында кызматташтык темасына да токтолду.
Президент кыргыз тараптын аскердик-коргонуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун билдирди.

Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкар Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин атынан салам айтып жана Садыр Жапаровду өзүнө ыңгайлуу болгон убакытта Индияга сапар менен келүүгө чакырды.

Индиянын тышкы иштер министри эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана өнүктүрүүгө жана санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, туризм тармактарындагы инвестициялык долбоорлорго көңүл бурууга даярдыгын белгиледи.

Субраманиям Жайшанкар анын расмий сапарынын жүрүшүндө өлкөлөр ортосунда, коомдук өнүгүүгө багытталган, тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индиядан гранттык жардам боюнча Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Индиянын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын кошумчалады.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровдун бир катар тармактарда негизинен, медициналык туризм, коопсуздук жана аскердик-коргонуу боюнча кызмаштташууну жылдыруу сунушун колдоого алды.

Жолугушуу соңунда Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Индия менен биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча активдүү достукту жана ачык диалогду улантуу ниетин дагы бир жолу билдирди.

Сүйүн Өмүрзаков ээлеген кызматынан бошотулду

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ээлеген кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен рапорт берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өмүрзаков 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкер болуп катышат.

Ирина Деркембаева акыркы сапарга узатылды

Кыргыз ССРинин эл артисти, Бурят АССРинин эл артисти, «Данакер» орденинин кавалери, көрүнүктүү опера ырчысы (сопрано) Ирина Деркембаева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Коштошуу зыйнатында КР иинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРнын эл артисти Дарика Жалгасыновалар сөз сүйлөп, эскеришти.

Анда опера ырчысынын чыгармачылыгы, педагогикалык ишмердүүлүгү жана адамдык парасаты туурлауу жылуу пикирлер айтылып, көптөгөн опера ырчыларын тарбиялагандыгы белгиленди.

Акыркы сапарга узатууга маданият тармагынын өкүлдөрү, Ирина Деркембаеванын туугандары жана коомчулук катышты.

Маркумдун сөөгү «Ала- Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.

Белгилей кетсек, Ирина Деркембаева 1927-жылы 25-декабрда Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлик айылында туулган. 1952-жылы Москва консерваториясын аяктап, сахнадагы карьерасын Улан-Удэ музыкалык драма театрында баштаган. 1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болгон.

1978-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент болуп иштеген.

Эрулан Кокулов: “Депутаттыкка эл укугун коргоо үчүн баратам”

11-октябрь күнү “Ынтымак” партиясы кезектеги курултайын уюштуруп, алдыңкы парламенттик шайлоого бара турган талапкерлеринин тизмесин бекитти.

Аталган партиянын атынан депутат болууга Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Алмамбет Шыкмаматов, Балбак Түлөбаев, Адинай Марипова, Чыңгыз Макешов ж.б. талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Алар менен катар эле, Кыргызстанда белгилүү “Не сахар” долбоорунун автору Эрулан Кокуловдун дагы аты белгилүү болду.  

Учурдан пайдаланып Bulak.kg сайтынын кабарчысы бул жаңылык боюнча Эрулан Кокулов менен байланышып, анын саясатка аралашуусуна эмне себеп болгондугун сурап билди.

Анын айтымында, саясатка баруу бул өзүнүн гана жеке чечими эмес. “Өзүңүздөр билгендей, кызматым эл укугун коргоо. Жумуш ушундай чечимди кабыл алууга түрткү болду. Мен өз жумушумду блогерликтен баштагам. Чындыгында блогер болуп, мындай жумушту аркалоо оңойго турбайт. Ошондуктан журналистика жаатына өткөм. Эми ушул аткарып жаткан жумуштарымды дагы жеңилдетип, анын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанып жатам”, – деп билдирди.

Муну менен катар эле, Эрулан Кокулов саясат аны элден эч кандай алыстатпай тургандыгын, элдин укугун коргоо үчүн бул кадамга барып жаткандыгын баса белгиледи.

Мыйзамсыз ок атуучу куралды бекитип алган жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз ок атуучу куралды бекитип алган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 30-сентябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы тарабынан Сузак районунун аймагында “Кудаш” аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Алынган маалыматтын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, ок атуучу курал сактаган жаран Сузак районунун 28 жаштагы Т.Х. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Ал Сузак райондук милициясы тарабынан Жазык кодексинин 206-беренеси (“Автотранспорт каражаттарын айдай качуу”) жана 200-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайда отургандыгы белгилүү болгон.

Т.Х. мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырууга түшүнүк катын берген.

Аталган факт Жазык кодексинин 253-беренесинин (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Т.Х. суракка алынган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 2021-жылдын май айында Жалал-Абад шаарындагы ат майданынан материалга оролгон ок атуучу курал таап алып, бекитип койгондугун айткан. Арадан бир-эки күн өтүп мурда жасаган кылмыштары үчүн кармалып, убактылуу жайга киргизилгендигин, учурда өз ыктыяры менен ок атуучу куралды тапшырарын билдирген.

Т.Х.нын көрсөтмөсү боюнча жеринде текшерүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Сузак районунун аймагында эски базардын ичинен бир даана ПМ үлгүсүнө окшогон ок атуучу курал материалга оролгон абалда табылып алынган.

Алынган ок атуучу куралга карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, ок атуучу курал Жалал-Абад облустук милициясынын ыкчам криминалистикалык бөлүмүнүн эксперттерине тапшырылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Индия Кыргызстанга кайтарымсыз жардам берет

Индия социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашырууга кайтарымсыз жардам берет. Тиешелүү меморандумга Кыргызстан жана Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Джайшанкар кол коюшту.

Индиянын өкмөтү социалдык чөйрөдөгү тез ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн 1 млн 500 миң доллар каражат берүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар суммада жеңилдетилген насыя берүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, Индиянын тышкы иштер министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Сокулук районунда мал уурулугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

7f69235c 3fa2 4505 9a37 1e6bd7ceb2e3 сокулук районунда мал уурулугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү
Сокулук районунда мал уурулугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү
Чүй облусунун ички иштер огргандарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлуп келет. Малдар жайыттардан сарайларга кайтып келген учурга карата Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан мал уурулугун болтурбоо максатында жергиликтүү жашоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сарайларда мал кармаган жарандар менен болгон жолугушууда, ар дайым малдарына көзөмөл кылып, кароосуз таштабоо ошондой эле сарайлардын эшиктерин ишенимдүү бекитүү зарылдыгы айтылды. Андан сырткары коопсуздук үчүн видео көзөмөл камераларды орнотуу да кылмыштуулуктарды алдын алууга шарт түзөөрү айтылды.
Иш-чара учурунда Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан 190 сарай, 15 ден ашуун мал союучу жайлар жана малдын терилерин кабыл алган жайлардын ээлери менен жолугушуулар болуп, мал уурулуктарын болтурбоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү.