Home Blog Page 1808

Кыргызстан менен Монголиянын тышкы иштер министрлери жолукту

11-октябрында Кыргызстан менен Монголиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Батмунхийн Батцэцэг жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолугушуу Казакстандын Нур-Султан шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференциянын тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-монгол кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашты, эл аралык уюмдардын жана түзүмдөрдүн алкагында укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар саясий жана экономикалык чөйрөдөгү практикалык кызматташтыктын конкреттүү маселелерин деталдуу талкуулоо үчүн ТИМдин консультацияларын өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары өз ара расмий иш сапарларды уюштуруу боюнча чакыруулар менен алмашышты.

Сүйлөшүүлөр достук маанайда жана талкууланган бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү менен өттү.

Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышты

Ички иштер министрин Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кеңешмеге Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын ИИМдин делегациялары, андан сырткары, КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун жана КМШнын Терроризмге каршы борборунун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар көптөгөн маселелерди талкуулады. Анын ичинде, КМШ өлкөлөрүндөгү кылмыштуулуктун абалы, баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтуу, курал-жарактарды сатуу, улуттар аралык кылмыштуу топтор жана терроризм, экстремизм менен күрөшүү сыяктуу өзгөчө коркунучтуу кылмыштар менен күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Отурумда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер органдарынын киберкылмыштуулукка, өзгөчө оор кылмышкерлерди издөөгө, жаңы акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү кызматташуу маселелери каралды.

Отурумду Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри Пулат Бобожонов ачып, өз сөзүндө 2019-2020-жылдары пандемия учурунда анын төрагалыгы алдында аткарылган иштер жөнүндө маалымдады.

Андан сырткары, КМШ катышуучу-өлкөлөрдүн Ички иштер министрлеринин кеңеши жөнүндө Жобого ылайык, кеңешмеге төрагалык Армениянын полициясынын начальниги Казарян Ваге Робертовичке өткөрүлүп берилди.

Аны менен бирге, Армениянын вице-премьер-министри Григорян Мгер Гербертович, Армения Өкмөтүнүн атынан отурумдун катышуучуларына кайрылып, катышуучуарга КМШ өлкөлөрүнүн аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө жетишкен оң жыйынтыктарды, андан сырткары, ар бир өлкөнүн коопсуздугу боюнча чоң жана маанилүү иштерде Кеңештин жүргүзүп жаткан иштерин өзгөчө белгилеп, анын кийинки ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков өз баяндамасында улуттар аралык кылмыштуулук, киберкылмыштуулук, баңгикылмыштуулук менен күрөшүүдө бирдиктүү ишмердүүлүктү күчөтүү керектиги жөнүндө белгиледи. “КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтери жаңы коркутууларга жана чакырыктарга каршы турууга, кылмыштуулуктун заманбап түрлөрүнө каршы аракеттенүүгө адекваттуу жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга даяр. Бир гана бирдиктүү күч жумшоо менен жакшы жыйынтыктарга жетебиз”, – деп ИИМ башчысы билдирди.

Ошондой эле Улан Ниязбеков кылмыштуулук менен күрөшүү, заманбап чакырыктарды жана коркутууларды алдын алуу сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча тапшырмаларды чечүү үчүн ушундай жолугушуулар маанилүү роль ойноорун белгиледи. Катышуучуларды республикадагы криминогендик абал, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдап, кылмыштуулукту алдын алуу жана бетин ачуу, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иштерди уюштуруу биздин өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылаарын белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы сөзүнүн аягында кийинки отурумду Кыргыз Республикасынын жергесинде 2022-жылдын сентябрь айында өткөрүүнү сунуштап, аны менен отурумдун бардык катышуучулары бир добуштан макул болушту.

Достук жана иштиктүү кызматташуу маанайында өткөн отурумда бардык каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Равшан Жээнбеков шайлоого катышат

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн арыз берүү укугун алып, бүгүн, 12-октябрда БШКга келди.

Жээнбеков конвойлордун коштоосунда келип, документтерди жана депутаттыкка талапкер катары катталуу үчүн арызын тапшырды.

Коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 12-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 51, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 112 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 442 бейтап, амбулатордук түрдө 672 адам дарыланууда.

Шайлоого ат салышкан талапкерлердин саны 228ге жетти

Бүгүн, 12-октябрга карата парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 228ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөтөн талапкерлерди каттоо 13-октябрда, ал эми документтерди кабыл алуу 18-октябрда аяктайт.

Арыз берген талапкерлер:

1. Сариев Акылбек Аблабекович;

2. Малиев Арсланбек Касымакунович;

3. Дурсунов Атамша Латифвич;

4. Ибраимов Санжар Кубанычбекович;

5. Сейтказиев Анаш Токтосунович;

6. Танабаев Нурлан Исамидинович;

7. Курманов Байыш Жантаевич;

8. Алтынбеков Айбек;

9. Арланбеков Актилек Нурланбекович;

10. Насиров Абдижалил Жусупович;

11. Исаев Канат Кедейканович;

12. Тологонов Бакыт Талантович;

13. Алымжанов Айбек Орозбекович;

14. Шаимкулов Манас Каныбекович;

15. Бекмуратов Баймурат Асатович;

16. Талипов Нуралы Орозалиевич;

17. Усупов Тилек Сабырович;

18. Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич;

19. Арстанбеков Акылбек Советбекович;

20. Сыдыков Бактыбек Усенович;

21. Тукунов Акжолтой Шакирбекович;

22. Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович;

23. Абакиров Аскар Жумабекович;

24. Саккараев Медербек Жаманкулович;

25. Атажанов Ырысбек Ысламович;

26. Лилиенталь Юлия Викторовна;

27. Жээнбеков Жусупжан Амражанович;

28. Ганыев Каныбек Токтоматович;

29. Адбылдаев Райымбек Жумагулович;

30. Карагулов Кубанычбек Нарынбекович;

31. Аширбаев Элкинбек Токтогонович;

32. Сегизбаев Мирбек Абдрахимович;

33. Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич;

34. Обдунов Элмурат Адбувапович;

35. Сураналиев Талгат Чыныбекович;

36. Мадмаров Уланбек Аданбекович;

37. Мусагул уулу Амантур;

38. Икрамов Тазабек Икрамович;

39. Абдрахманов Азамат Абдилализович;

40. Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович;

41. Кулбараков Автандил Илдузович;

42. Асанбаев Майрамбек Жекшенович;

43. Дуйшеналиев Нурлан Кадырбекович;

44. Ибраев Саматбек Кулукеев;

45. Булекбаев Эркин Касымович;

46. Таштанбеков Акбокон Дукенович;

47. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович;

48. Калдарбеков Элдияр Султанович;

49. Токтакунов Нурбек Акбарович;

50. Мелисов Азамат Канатбекович;

51. Сатыбалдиев Элмурза Ракиев;

52. Кыдырмышев Руслан Жаманакович;

53. Абдрахматова Атыр Болотбековна;

54. Исламбеков Белек Мамасалиевич;

55. Иманкулов Эркин Токтаалиевич;

56. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич;

57. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;

58. Ботобаев Айбек Курманович;

59. Хасанов Канат Зерликович;

60. Сагымбаев Канат Райымбекович;

61. Токтобаев Суйунбай Жумаканович;

62. Шамырканов Болотбек Муратбекович.

63. Кулматов Эделбек Маматкулович;

64. Аширалиев Чынтемир Камчыбекович;

65. Салихов Кенеш Каримович;

66. Божонов Замирбек Сабиржанович;

67. Сардарбеков Сабырбек;

68. Дүйшенбиев Райимберди Сейдакматович;

69. Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

70. Сарбагышев Максатбек Канатбекович;

71. Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович;

72. Жунусалиев Рамис Майрамбекович;

73. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич;

74. Тарыкбаев Алмаз Нарынбекович;

75. Райымкулов Бактыбек Кемелбекович;

76. Мурадилов Бекболот Мурадилович;

77. Ажибаева Жаңыл Бейшеновна;

78. Жыргалбаев Нурбек Усенкулович;

79. Дыйканов Максатбек Дыйканович;

80. Тайлаков Арстанбек Кылычбекович;

81. Бакеев Аскарбек Колхозбекович;

82. Казакбай уулу Замирбек;

83. Бегалиев Болот Касымбекович;

84. Мамбеталиева Анара Хамзаевна;

85. Матраимов Искендер Исмаилович;

86. Шакиев Нурланбек Тургунбекович;

87. Жумабеков Дастанбек Артисбекович;

88. Момунов Акат Акынович;

89. Токтогулов Ербол Бекинович;

90. Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич;

91. Турганбаев Мелис Токтомамбетович;

92. Чокморов Болотбек Сексенбешович;

93. Осмонов Айбек Жапарович;

94. Пасанов Эржигит Жетимишович;

95. Абиров Жаныбек Болотбекович;

96. Бекешов Дастан Далабайевич;

97. Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович;

98. Кенжебаев Аманкан Батырбекович;

99. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич;

100. Турков Мунарбек Максатбекович;

101. Супатаева Альфира Илиясовна;

102. Мамбеткулов Максатбек Назиржанович;

103. Жолдошбаев Камчыбек;

104. Олжобаев Баатырбек Бактыбекович;

105. Зикиров Жусупбек Камчыбекович;

106. Исмаилов Муратбек Кубанычбекович;

107. Мукарамов Асылбек Турабаевич;

108. Орозбаев Айбек Маматович;

109. Орозбаев Айбек Маматович;

110. Жапаров Талантбек Рысбекович;

111. Дунканаев Айбек Медетбекович;

112. Садалиев Улан Шейшенбекович;

113. Саипов Бактыбек Саипович;

114. Нурбаев Бакытбек Токтогулович;

115. Кожиев Мирбек Дуйшенбекович;

116. Оморов Чынгыз Ашырбаевич;

117. Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович;

118. Молдоташев Ишенбай Курманович;

119. Дуйшеналиев Болотбек Согушбекович;

120. Бекир Бакытбек;

121. Мамаев Замирбек Далилович;

122. Шамшидин уулу Абдулхамид;

123. Исеналиев Эмирбек Аскеевич;

124. Алимбеков Нурбек Каарыевич;

125. Карабаев Манасбек Токтогулович;

126. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич;

127. Жакеев Алмазбек А;

128. Чомонов Манас Алишерович;

129. Орозбаев Таалайбек Айтбаевич;

130. Рысбаев Равшанбек Рысбаевич;

131. Туратбек Мадылбеков;

132. Жээнбаев Осконбай Сатыбаевич;

133. Ниязалиева Дамира Абасконовна;

134. Кунакунов Максат Касымжанович;

135. Койчуменов Мээримбек Нурбекович;

136. Тоотаев Улукмырза Абдилашимович;

137. Мирлан Самыйкожо;

138. Руслан Ташиев;

139. Абдылдаев Сооронбай Эргешович;

140. Абылкасым уулу Канатбек (онлайн);

141. Назарбаев Абдунаби Салыевич (онлайн);

142. Жолболдуев Памирбек Бакыевич;

143. Аманкулов Эмир Эркинбекович;

144. Арзибаев Бекболот Осконбаевич;

145. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич;

146. Аманкулов Эмир Эркинбекович;

147. Арзибаев Бекболот Осконбаевич;

148. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич;

149. Абдыш Токторов;

150. Примов Улан Бердибаевич;

151. Айтакунов Бактыбек Кубатович;

152. Назарбеков Мирлан Рысбекович;

153. Абдылдаев Таалайбек Дюшекеевич;

154. Самидинов Кумарбек Манапбаевич;

155. Ажыбеков Бактыгул Ажыбекович;

156. Жороев Исманали Эгембердиевич;

157. Келдибаев Төлөгөн Кыязович;

158. Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич;

159. Эргешов Толкун Турдукулович (онлайн);

160. Матсаков Кадырбек Мусаевич (онлайн);

161. Тешебаев Акимбай Сатылганович (онлайн);

162. Эгембердиев Омурбек Калыбекович (онлайн);

163. Максутов Мурсалим Султаналиевич (онлайн);

164. Атамбаев Сейитбек Алмазбекович;

165. Таштанкулов Касым Абдусаматович;

166. Бакыев Улукбек Хаджимуканович;

167. Абдувалиев Зарылбек Рубенович;

168. Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич;

169. Мамасыдыков Кумарбек Канболотович;

170. Карашев Аалы Азимович;

171. Керимкулов Нурлан Бейшенбекович;

172. Аспек уулу Азамат;

173. Абдыразаков Нурсултан Эркинбекович;

174. Рыскулбек уулу Нурмат;

175. Бакиров Өмүрбек Мирзаимович;

176. Каниметов Адыл Жанкорозович;

177. Акылбеков Русланбек Акылбекович;

178. Акматов Айданбек Акматович;

179. Жолдошов Беки Кадырбердиевич;

180. Жапанов Аттокур Асаналиевич;

181. Салымбаев Чынгыз Жусупович (онлайн);

182. Миркадыров Мухтар Мирсалиевич (онлайн);

183. Сыргабаев Замирбек Самаматович (онлайн);

184. Нурбаев Жалолидин Паязидиноич;

185. Абдрахманов Азамат Абдилазизович (онлайн);

186. Омолдошова Айжан Рыскуловна;

187. Касымов Нурлан Орозалиевич;

188. Коргонбай уулу Жусупбек;

189. Калыков Улугбек Абдисатарович;

190. Зулпуев Абдивап Момунович;

191. Чойбеков Бактыбек Каныбекович;

192. Иманкулов Талай Маданбекович;

193. Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович;

194. Жаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич;

195. Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич;

196. Толонов Данияр Эрмекович;

197. Каримбеков Абдисант Момунбаевич;

198. Шакиров Асан Шакирович;

199. Мадинов Орозобек Капарбекович;

200. Маннанов Ильхом Абдукахарович;

201. Матмусаев Жанышбек Мырзабекович;

202. Имматов Ина Имматович;

203. Абдувалиев Довлотбек Маматурдалиевич;

204. Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич;

205. Бакасов Улан Болотбекович;

206. Чакибаев Эмиль Акжолтоевич;

207. Азыгалиев Нурланбек Асанбекович;

208. Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич;

209. Иманалиев Каныбек Капашович;

210. Эшенкулов Кулжамал Буланбекович;

211. Калматов Талас Сагынбаевич (онлайн);

212. Акматова Динара Асанкуловна (онлайн);

213. Мадалиев Асылбек Алтымышович (онлайн);

214. Юсупалиев Мунарбек Худайбердиевич (онлайн);

215. Эсенаманов Мурат Кубанович;

216. Борочоров Талантбек Айсаракунович;

217. Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович;

218. Ташиев Анарбек Рыскулович;

219. Жунусов Мелисбек Абдрасулович;

220. Аянкулов Самат Шамусаевич;

221. Мырзаканов Раад Бакашевич;

222. Жусупов Аширбай Бапович;

223. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

224. Асылбек уулу Дамирбек;

225. Сагынбаев Дайыр Баяманович;

226. Момункулов Эмил Базаркулович;

227. Клипачева Елена Сергеевна;

228. Енгалычев Евгений Равильевич.

Президент “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга кол койду

 Садыр Жапаров 11-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам аткаруу бийлик органдарынын системасын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ишин калыптандыруу жана уюштуруу тартибин, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана ошондой эле кепилдиктерин жөнгө салат.

Мыйзамда министрлер кабинетинин курамын түзүү, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн бош кызмат орундарына дайындоо жол-жобосу көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана министрлер кабинетинин башка мүчөсү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер үчүн төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат: жогорку билимдүү, ошондой эле мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу зарыл. Талапкерлер квалификациялык талаптардан сырткары, Кыргыз Республикасынын жараны болуп, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесин ишке ашыруу алкагында министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттин администрациясынын жетекчиси болору мыйзам менен аныкталат.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн бир катар чектөөлөр белгиленген.

Тактап айтканда, дайындалган жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга ж.б. укугу жок. Мындан сырткары, министрлер кабинетинин мүчөсү кызматына киришип жатып жеке (өз) кызыкчылыктары тууралуу декларациясын министрлер кабинетинин төрагасына берүүгө тийиш.

Мыйзамда ошондой эле министрлер кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү маселелери жөнгө салынган.

Алсак, министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат. Аны менен бирге, президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасын же министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ.

Мындан тышкары, мыйзамда министрлер кабинетинин мүчөсү кызматынан бошотулушу мүмкүн болгон негиздер каралган.

Бир эле учурда, мыйзам менен министрлер кабинетинин, анын ичинде жогорку коллегиалдуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу, министрлер кабинетинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле бардыгы биригип аткаруу бийлик органдарынын системасын түзгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын укуктары аныкталат.

Министрлер кабинетинин төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ болгондуктан, министрлер кабинети ченем жаратуучу орган болгондуктан, мыйзамда министрлер кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусун аныктоочу укуктук ченемдер каралган.

Бул конституциялык мыйзам бүгүнтөн баштап күчүнө кирет, андан кийин мамлекет башчысы тарабынан министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлер макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.

Белгилей кетсек, акыркы айларда аталган конституциялык мыйзамдын тегерегинде талкуулар жүргүзүлдү. Ага кол коюлгандан кийин, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, министрлер кабинети толугу менен иштеп баштайт.

Тилек Матраимовду жоопко тартууну талап кылып жаткандар Бишкекке келди

Ош облусунун Кара-Суу районунун сатып алган жерге курган үйүн түрттүрүү коркунучу пайда болгонун айткан тургундары Бишкекке чейин жөө жүрүш жасаганын билдиришти.

Кечээ, 11-октябрда алар Өкмөт үйүнө барып, президенттин коомдук кабылдамасында болушту.

Төрт адам Бишкекке Кара-Суудан 11 күндө келгенин, бийликтен адилеттүүлүк орнотууну жана райондун мурдагы акими Тилек Матраимовду жоопко тартууну талап кылып жатышканын айтышты.

Алардын билдиргенине караганда, 2018-жылы трансформация болуп, жеке колго өткөн жер үлүштөрүн ошол кездеги аким Матраимов “Ихлас” курулуш компаниясына мыйзам бузуу менен өткөрүп берген жана азыр “карапайым эл курган үйлөрдү түрттүрүп жатышат”.

Кара-Суунун Дыйкан-Кыштак айылынын бир нече тургуну буга чейин президентке, УКМК төрагасына даттанышкан жана сотторго, жергиликтүү бийликке нааразылыгын билдиришкен.

Матраимов Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган. 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин кызматтан бошотулуп, камакка алынган. Ош шаардык сотунун чечими менен бир айдан кийин үй камагына чыгарылып, айыпка жыгылганы маалымдалган.

Жергиликтүү бийлик үйлөрдү буздуруу боюнча чечимдер мыйзамдуу болгонун айтууда.

Матраимов өзү же анын жактоочулары бул чыр боюнча комментарий бере элек.

Эрулан Кокулов: “карапайым элдин укугун коргоо максатында депутаттыкка барам”

 «Ынтымак» cаясий партиясы 11-октябрда кезектеги съездин уюштурду. Анда партиянын атынан Жогорку Кенешке депутаттыкка ат салышкандардын тизмеси бекитилди. Алардын арасында резонанс жараткан «Не сахар» аттуу долбоорунун жетекчиси Эрулан Кокулов да бар.

Эрулан Кокулов Bulak.kg маалыматтык порталына саясатка эмне себептен бара жатканын билдирди.

«Сиздерге маалым болгондой, менин жумушум элдердин укугун коргоо. Мен алгач, блогер болуп ишимди баштагам. Чындыгында, карапайым элдин укугун коргоо абдан татаал. Ошол себептен мен журналистика багытын тандагам. Учурда мен парламентке аттангандыгымдын себеби да дал ошол жумушумду натыйжалуу болуусун, элге мындан да эки эселеп жардам бергенге болгон кадам», — деди ал.

Эрулан Кокулов белгилегендей, саясат аны элден алыстатпай, тескерисинче жакындатат дейт.

“Элге кызмат кыла турган мезгил келди”: Камчыбек Ташиевдин иниси парламенттик депутаттыкка ат салышууга ниеттенүүдө

Депутат алар элдин жыргалчылыгы үчүн жанын аябасын айтты

Жалал -Абад шаардык кеңешинин депутаты, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси – Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал YouTube -“Эгемен ТВ” телеканалындагы маегинде билдирди.

Шайырбек Ташиев туугандары Жалал-Абадды басып алды делген имиштерге жооп берди. Ал  жакта серый кардинал эмесмин деп жооп берди.

«Мен чынында Камчыбек Кыдыршаевичтин инисимин», – деди ал. – Мен мамилебиз менен сыймыктанам. Мен мындай ушак тараткан адамдардан келип, бул сөздөрдү менин жүзүмө айткыла деп айткым келет. Жылдап ушакташкан пайдасыз саясатчылар бар. Эми алар эбак эле аксакал болуп калышты. Аларга салыштырмалуу жаш жигит (Таймурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин уулу, – редактордун эскертүүсү) пайдалуу. Биз эч кимге жамандык кылган жокпуз.

Ошол эле учурда ал депутаттыкка талапкер болуу ниетин айтты.

– Мен саясатка аралашкым келген жок, – деп мойнуна алды шаардык кеңештин депутаты. – Биз элдин арасында жүрөбүз жана алардын өтүнүчтөрүн угабыз. Эл парламентте социалдык көйгөйлөрүн билген депутатты көргүсү келет. Мындай сунуш келип түштү. Мен азыр ойлонуп жатам, үй -бүлөм менен кеңешип. Кыязы, мен кылам. Биз адамдардын жыргалчылыгы үчүн жаныбызды аябайбыз. Мен эч качан интригасыз элиме кызмат кылам. Мага элдерден сунуш түштү, мен баш тарта албайм. Буга байланыштуу мен муну кабыл алам деп ойлойм. Биз курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн. Элге кызмат кыла турган мезгил келди.

ИИМ министринин орун басары болуп Адылбек Бийбосунов дайындалды

Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп Адылбек Бийбосунов дайындалды.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал кызматын өткөрүп берип, парламенттик шайлоого аттанган Сүйүн Өмүрзаковдун ордуна келди.

Адылбек Бийбосунов буга чейин ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген.