Home Blog Page 1803

Ташиев фармакологиядагы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алгандарды атады

 Депутаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин арасында чоң фармкомпаниялары барлар көп, – деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

«Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы бар экен. Алар фармакологиядагы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алышкан», – деди Ташиев.

Космосбек Чолпонбаев саламаттыкты сактоо министри кызматын в 2018-2020-жылдары ээлеген.

2020-жылы 1-апрелде кызматтан бошотулган. Ошол эле жылы сентябрда Каржы полициясы тарабынан шалаакылык жана кызматтан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

Сузакта тойго келгендер ууланды

Сузакта жылкынын этинен эл массалык ууланды. Бул маалыматты Жалал-Абад район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимов “Турмушка”тастыктады.

Анын айтымында, Бек-Абад айылында тойго барган эл жылкы этинен ууланышкан. Бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлерге 124 адам кайрылган.

«Биз жылкы этинен деп жатабыз. Анткени тойдо таратылган этти үйүнөн жегендер да кайрылышууда. Дарыгерлерге кайрылган 124 адамдын 16сы ооруканага жаткырылды. Калгандары амблатордук жардам алышкан. Баары азыр көзөмөлдө турат. Ооруканага жаткырылгандардын төртөөсүн жашы жете элек өспүрүмдөр. Бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат», — деди ал.

Маалым болгондой, Бек-Абад айылында 10-октябрда сүннөт той өтүп, жылкы союлган. Тургундар дарыгерлерге 11-октябрдан тарта кайрыла баштаган.

Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү убактылуу Бек-Абад айылындагы ооруканага жылдырылган. Тамак-ашка ууланган жарандар аталган айылдагы ооруканага жаткырылган.

Чет элдик ишкерлер салыкты толугу менен төлөөсү керек, – Жапаров

Кечээ дайындалган министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, салыкты төлөтүү иши активдүү түрдө ишке ашырылат деди.

Анын айтымында чет элдик ишкерлер салыкты толугу менен төлөөсү керек. Эгер салык жогоруласа, анда айлык да жогору болот, – деди ал.

«Биз салык төлөтүү маселесин толугу менен көзөмөлгө алабыз жана төлөтөбүз. Ар бир ишкер өз бизнеси үчүн салыгын да төлөөсү керек да. Азыр Бишкек менен Ош шаарын түрө кыдырып салык төлөөчүлөр менен сүйлөшүп, эскертүү берип жатабыз. Эгер өз каалоосу менен мыйзамга баш ийип салык төксө мамлекет тарабынан да колдоо болот», — деди Жапаров.

“ГАИ” кызматкерлери Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

Whatsapp image 2021 10 13 at 12. 17. 37 "гаи" кызматкерлери сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан 15-октябрга чейинки аралыкта өткөрүлүп жаткан “Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аталыштагы акция өтүп жатат. Анын алкагында Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн аппарат кызматкерлери Сузак районундагы улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык мекемесине барып, аталган мекемеге күнүмдүк турмушта керектелүүчү тазалоочу каражаттарды жана башка оокаттарды тапшырып келишти. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер менен бирге барган Жалал-Абад шаарындагы №2 К. Закиров атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган жол кыймылынын жаш инспекторлору өздөрү даярдап келишкен чакан концерттик программасын тартуулап кайтышты.

Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы

Жакалашкан айдоочуларга сөгүш жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясы №199 кичи автобус менен №2 троллейбустун айдоочуларынын ортосундагы чыр тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

“Бишкек троллейбус башкармалыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда ички комиссия өткөрүлдү.

Комиссиянын чечимине ылайык, кыймылдуу курамдын эксплуатация башчысына жана борт номери 1704 троллейбусунун айдоочусу Максат Канатбек уулуна сыйлыктан ажыратылбастан сөгүш жарыяланды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы жана айдоочунун насаатчысы эскертүү алды.

“БайШамТранс” ЖЧКсы жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниянын инженери жана №199 маршруттук каттамдын айдоочусу У.Медетбеков сөгүш алды.

Ошондой эле ташуучу компанияга жана троллейбус башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине айдоочулардын курамы менен жүргүнчүлөрдү маданий тейлөө жана транспорттук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды”, – деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ №199 кичи автобус менен №2 троллейбустун айдоочуларынын ортосундагы чыр чыкканы боюнча видео социалдык тармакта тараган.

УКМК фарммафияны толук көзөмөлгө ала баштады

Бул тууралуу 13-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев парламент жыйынында билдирди.

Ташиев фарммафияга мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгиледи.

“Департамент өкүлдөрү өз функциясын аткарып, дары-дармектин арзандыгын камсыз кылбай тескерисинче, кымбат кылуу менен пара алып, уюшкан финансылык мафия түзүшкөн. УКМК фарммафияны толук көзөмөлгө ала баштады. Департаменттин үч-төрт адисин, фармкомпаниялардын чоң мафияларынын бир-экөөнү тергөө абагына отургуздук. Жакынкы күндөрдө Кыргызстанда дары-дармектин баасы кескин арзандайт”,-деди ал.

RWGFD криминалистикалык лабораториялардын жабдыкталышынын мүмкүнчүлүтөрүн аныкташты, – ИИМ

ИИМ: RWGFD криминалистикалык лабораториялардын жабдыкталышынын мүмкүнчүлүтөрүн аныкташты

2021-жылдын 12-октябрында Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Кылмыштулук жана баңгизаттар башкармалыгынын соттук-медициналык экспертиза жана баңгизаттар боюнча аймактык жумушчу тобунун онлайн режиминде отуруму болуп өттү.
Аталган жумушчу топ, Кыргызстан, Казахстан, Афганистан, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Түрмөнистан жана Таджикстан мүчө-мамлекеттер арасындагы баңгизаттар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүчу кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен отурумга Криминалистикалык борбордун начальниги милициянын полковниги Канат Иманалиев катышты.
Отурумдун катышуучулары кызматташтыктын артыкчылыктуу болгон багыттарын жана кылмыштуулук менен каршы күрөшүүдөгү кызматтарды өнүктүрүү, ошондой эле эл-аралык тажрыйбаны эске алуу менен соттук-медициналык ишмердүүлүктүн негиздеринин мыйзамдарын жакшыртууну талкуулашты.
Канат Иманалиев талкуулоо учурунда, “бүгүнкү күндө өз ара кызматташуунун өзөгү катары – эксперттик-криминалистик кызматтар арасында маалыматтык банктарды колдонуу менен маалымат менен алмашуу болуп саналат. Азыркы учурда эксперттердин колдонуусунда заманбап техникалык, инновациялык каражаттар бар. Бирок коомдун башкы эксперти катары чыгармачыл, өзүн-өзү өнүгүүсүнө умтулган адам гана болот” – деп белгиледи.
Жолугушуу кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга, эксперттик кызматтардын эң курч көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошуп, кызматтык байланыштарды кеңейтүү жана активдештирүү үчүн зарыл болгон аянтчаны түздү.
Отурумдун аягында коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча жыйынтыктары белгиленди.

КР ИИМдин Басма сөз кызматы

ВИДЕО: “Раим Матраимов менен бир столго отурган эмесмин. Отурсам да ал жакшы”, – Камчыбек Ташиев

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кенештин жыйынында азыркы жаштар сыртка чыгып кеткилери келип жаткандыгын жана ага учурдагы бийликтегилер себеп болуп жаткандыгын айтты. “Саламаттык сактоо министри аконит ичкилеп жеп жатса, ал эми министрлер кабинетинде иштегендер кустуруп жаткандардын тойлоруна барып жатышат деп сындады.

Буга УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Бекешев мындай сын-пикири менен алдыдагы шайлоолор алдында упай топтоп жаткандыгын билдирди.

«Бир жыл ичинде биз 7,5 млрд сом коррупциядан бюджетке алып келдик. Биз коррупционерлерди абакка отургуздук. Кимде-ким мыйзамды бузса, ал жазаланат. Кереке болсо, сиз да отурасыз. Эгер мен тойго барсам, мен ал адам менен достоштум дегенди билдирбейт”.

Сындаганды да билиш керек. Сизден мен эч кандай бир пайдалуу сын уга элекмин. Райым Матраимов менен бир столго да отура элекмин. Отурсам да ал жакшы. Ал башкаларга салыштырмалуу 2 млрд сом берди. Дагы мыйзам бузса, дагы берет», — деди Ташиев.

YouTube video
YouTube video

Дастан Бекешов: “Талапкерлер электрондук капчык аркылуу добуштарды сатып алуусу толук мүмкүн”

Добуштарды акча менен сатууга тыюу салынгандыктан, бул шайлоодо партиялар менен талапкерлер электрондук капчык аркылуу добуштарды сатып алуусу толук мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирип, УКМКны көзөмөлгө алууга чакырды.

«Мамлекет башчы алдыдагы шайлоодо добуш сатуу менен күрөшөм деп жатат, биз да жардам берели. Бүгүнкү күндө добуш сатуу технологиясы дагы өзгөрүүдө. Азыр кээ бир талапкерлер, партиялар добушту электрондук капчык менен сатып алууну колдонобуз деп жатат. Аймактарда андай болбошу мүмкүн, бирок Ош менен Бишкек шаарында толук  мүмкүн. Ошондуктан БШК, УКМК шайлоо күндөрү ошол электрондук капччыктарды көзөмөлдөсөңүздөр» , — деди Бекешов.

Жапаров: “Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге дегендей шарт кылабыз”

13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда депутат Абдывахап Нурбаев мугалимдердин айлыгын көтөрүү керектигин айтты.

2022-жылы мугалимдердин айлыгын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк барбы? Улуттун сапаты билим берүү системасына байланыштуу. Билимдин сапаты мугалимдерге байланыштуу. Айлык аз болсо биз алардан талап кыла албайбыз. Мугалимдерге көңүл буруу керек”, – деди Абывахап Нурбаев.

Акылбек Жапаров: “Быйыл укук коргоо органдарынын айлыгын көтөрдүк. Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз”, – деди.

Буга чейин Нурбаев Жапаровдун командасына сын айткан.