Башкы прокуратура: Аскерлерге зомбулук көрсөткөн жетекчилер камакка алынды
Аскерлерге зомбулук көрсөткөн Коргоо министирлигинин аскер бөлүгүнүн жетекчилери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү иштерин жүргүзүүдө Коргоо министирлигинин...
Кыргызстанга 50 млн сомдук дары-дармек мыйзамсыз ташылып келе жаткан
Дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнүн ири партиясына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жардамы...
Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСнин курулушу жана БА суу көйгөйү тууралуу
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде бир катар актуалдуу маселелерге жооп берди, алсак, өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСнин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу...
Азия Кубогу – 2023: Кыргызстан Сауд Аравияга жеңилди
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Аравия курамасына каршы Азия Кубогундагы экинчи оюнун өткөрдү.
Оюн 2:0 эсебинде Сауд Аравиянын курамасынын пайдасына чечилди.
Беттеш Доха шаарындагы...
Бишкекте 22-январдан тарта №55 жаңы автобус каттамы ишке кирет
Бишкек шаарында 22-январь, дүйшөмбүдөн тарта №55 жаңы автобус каттамы ишке кирет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов көчөлөрүн камтыйт....
Жалал-Абад шаарында күрөөкананын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду
Жалал-Абад шаарында күрөөкананын мыйзамсыз иш-аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Жалал-Абад шаарындагы «Чынчыл күрөөкана» унаакүрөөканасынын мыйзамсыз...
КР ТИМ башчысы ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбеков Кулубаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен телефон аркылуу сүйлөштү.
КР ТИМдин...
Сөз эркиндиги, блогерлердин кармалышы, МА жетекчилеринин суракка чакырылышы – Садыр Жапаровдун кезектеги маеги
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «24.kg» маалымат агенттигинин жетекчилеринин суракка чакырылышы, блогерлердин кармалышы жана өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу суроолорго жооп берди.
- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Соңку күндөрү коомдо кызуу талкууланып жаткан суроолорго жооп алууга уруксат этиңиз. Сөз «24.kg» маалымат агенттигинин жетекчилеринин суракка чакырылышы жана интернет-редакциялардын журналисттеринин тобунун кармалышы тууралуу болууда.
- Саламатчылык! Алгач «24.kg» ишине токтолсом. Мага маалымдалгандай, аталган интернет-басылмасынын редакциясында ыкчам-иликтөө иш-чаралары КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси боюнча («Согушту пропагандалоо») козголгон кылмыш ишинин алкагында...
Президент “Чолпон-Ата” эс алуу үйүн калыбына келтирүүнү тапшырды — Туманбаев
Ысык-Көлдөгү "Чолпон-Ата" эс алуу үйү толугу менен иштебей, жараксыз абалга келген. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
"Профсоюздар федерациясы иштетип келген пансионатты атайын банкрот...
Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды
Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Талас шаардык прокуратурасы тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо жана...
















