
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу үй-бүлөнүн Instagramдагы расмий баракчасында кабарланды.
Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ал Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор болгон.
Эмгек жолун Илимдер академиясында баштап, кийин жогорку окуу жайда окутуучу, доцент, кафедра башчысы жана проректор болуп иштеген.
Роза Айтматова Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө да салым кошкон. 1996-жылы «Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору» аттуу бейөкмөт уюмду түзүп, аялдардын укуктарын коргоо багытында иш алып барган.
Ал өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин коомдук маселелер боюнча пикирин билдирип, Айтматовдордун тарыхын жана мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө аракет кылды.






