
Сокулукта жөнгө салуу бассейни мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө жалпы аянты 12,3 га болгон жөнгө салуу бассейни 2005-2006-жылдары мурдагы айыл өкмөт тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Прокурордук чаралардын натыйжасында мөөнөтсүз мамлекеттик акт жасалып, жалпы баасы 43 млн сомго деп бааланган жөнгө салуу бассейни толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.






