Кыргызстанда орточо эмгек акы 42 900 сомдон ашты

2025-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстандагы орточо номиналдык топтолгон эмгек акы 42 919 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,2 пайызга өскөн.

Улуттук статистика комитети бул инфляцияны эсепке албаганда, орточо номиналдык эмгек акы жөнүндө экенин тактады.