
Кытай Эл Республикасынан Бишкекке 95 Yutong автобусу жеткирилип, учурда № 1 автобекетке жайгаштырылды.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ар бир автобустун узундугу 12 метрди түзүп, үч эшик менен жабдылган. Жай мезгилинде кондиционерлер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт.
Акыркы үч жылда борбор калаага Кытайдан 1000 жаңы газ менен иштеген автобустар келип, 3000ден ашык микроавтобусту алмаштырды. Эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен мэрия 120 электр автобус сатып алып, 85 кубаттоочу станция орнотуп, № 1 жана 2 автобус автобекеттерин толугу менен жаңыртты.
Бишкектин тургундарына күн сайын 1500дөн ашык унаа кызмат көрсөтөт. Мэриянын маалыматы боюнча, тармакта болжол менен 3500 жумушчу, анын ичинде 2500 айдоочу иштейт.






