Бишкекте Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, базардагы контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, штаб жана ыкчам топ тартылган. Жеринде өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.






