
Бүгүн, 15-декабрда саат 18:30да Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балаты жандырылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрия шаар тургундарын башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземине чакырды. Бул иш-чарада концерт уюштурулуп, ага белгилүү артисттер жана ырчылар катышат.
Майрамдык балатынын бийиктиги 32 метрге жетип, ал 7 миңдей көк жана күмүш түстүү оюнчуктар менен кооздолгон.
Аянтта 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, соода жана тамак-аш дүкөнчөлөрү, этно-зона, мастер-класстар өтүүчү жай, Аяз атанын үйлөрү, фотозоналар жана оюн-зоок зонасы уюштурулат.
Мында жарандар келе жаткан жаңы жылдын атмосферасын сезип, үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүп, майрамдык сүрөттөргө түшүп, ачык асман алдындагы концерт көрө алышат.





