
Түркияда «Додик» деген каймана ат менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда каракчылык үчүн соттолгон, 1984-жылы Жалал-Абад шаарында туулган, «Додик» каймана аты бар «М.Д.М.» аттуу КР жараны эл аралык издөөгө жарыяланган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө «М.Д.М.» жарандардын жер тилкелерин алдамчылык жол менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган.
Мындан тышкары «М.Д.М.» уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо үчүн Манас шаарынын курулуш компанияларынын биринен батир алганы аныкталган.
УКМК кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган тараптарды: WhatsApp – 0995 012210 ишеним номуру аркылуу кабарлоого чакырат.






