1-октябрдан тарта пенсия көбөйдү: Орточо эсеп менен 11 миң 226 сомго жетти

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия жогорулады. Социалдык фонд индексациялоодон кийин өлкө боюнча орточо пенсия 11 миң 226 сомго жете турганын билдирди.

«Көбөйтүү 818 миң 700дөн ашык пенсионерге тиешелүү. Бул үчүн болжол менен 2,04 миллиард сом керектелет», — деп белгиледи Социалдык фонд.

Пенсиялар кандайча өзгөрдү:

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, индексациялоо төмөнкү механизмди колдонуу менен жүргүзүлдү.

  • 50 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1,1 коэффициенти менен индексацияланган. Минималдуу жогорулатуу 600 сомду түзөт.
  • Камсыздандыруу үлүшү 50 000 сомдон жогору болгон пенсиялар үчүн индексация 5 000 сомго чейин чектелди.

Пенсиянын минималдуу жалпы өлчөмү кошумчаларды (мыйзамда каралган учурлардан тышкары) кошкондо 1-октябрдан тарта 7100 сомду түзөт.

Эске салсак, пенсия жашы мурдагыдай эле: аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш.