Айгүл Жапарованын катышуусунда Ысык-Көлдө балет кечеси өттү

16-августта Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда элдин эсинде кала турган “Ысык-Көлдүн жээгинде балет кечеси” өттү. Маданий иш-чарага өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова катышты. Ал бул балет кечесин демилгелеген жана анын колдоосу менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иш-чараны уюштурду.

Министр Мирбек Мамбеталиев: “Бул кече балет өнөрүн жайылтуу, жаш муунду искусствого жана чыгармачылыкка болгон сүйүүгө тарбиялоо менен катар, Ысык-Көл облусун эл аралык маданий платформа катары таанытуу максатын көздөйт. Эки күндүк балет кечелеринде көрүүчүлөр дүйнөлүк классикалык сахнадан эң мыкты чыгармаларды, атактуу балет номерлерин жана бий партияларын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жогорку деңгээлдеги сахналык аткаруулар Ысык-Көлдүн жээгиндеги кооз атмосфера менен айкалышып, конокторго унутулгус таасир калтырды”, — деди.

Бул маданий кечелердин негизги максаты – балет өнөрүн жайылтуу, жаш муунга искусствого болгон сүйүүнү тартуулоо жана Ысык-Көл аймагын эл аралык маданий аянтча катары кеңири жайылтуу.