
Компания «Альянс Алтын» 2025-жылдын 14–15-августунда Ысык-Көлдө өткөн VII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышты. Иш-чара Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен уюштурулуп, Кыргызстан, Россия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, бизнес чөйрөсүн, өнүктүрүү институттарын жана эксперттик коомчулукту кошкондо 1000ден ашуун катышуучуну бириктирди.
Форумдун алкагында компания 100дөн ашуун ишканаларды чогулткан көргөзмө-жармаңке экспозициясынын катышуучусу болду. «Альянс Алтындын» стендинде Жерүй кениндеги негизги ишмердүүлүк багыттары сунушталды. Жерүй — Талас облусундагы эң ири өнөр жай объектиси жана Кыргызстандагы эң ири ишканалардын бири болуп саналат. Экспозицияга келгендер технологиялык чечимдер, экологиялык стандарттар, өндүрүштүк коопсуздук системасы жана региондорду колдоо программалары менен таанышты.
Өзгөчө көңүл Талас облусундагы «Жерүй» чакан ГЭСин куруу инвестициялык долбоорунун аралык жыйынтыктарына бурулду. Бул долбоор 2024-жылы «Альянс Алтындын» демилгеси менен түзүлгөн «Альянс Гидро» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылууда. Ал Туш-Ашуу жана Чоң-Чычкан дарыяларынын негизинде кубаттуулугу 28 МВтка чейин жеткен деривациялык ГЭС курууну, жылына болжол менен 100 млн кВт·с электр энергиясын өндүрүүнү карайт. Объект экологиялык туруктуулуктун принциптерине ылайык долбоорлонгон — ири көлөмдөгү суу сактагыч курулбайт жана суу толугу менен дарыянын нугуна кайтарылат. Долбоордун жалпы наркы 39 млн долларды түзөт, анын ичинен 25 млн доллары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен камсыздалат.
Форумдун ишкердик программасынын алкагында «Альянс Алтын» компаниясы менен Кыргыз-Россия Славян университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Документ инженердик жана техникалык кадрларды даярдоону, билим берүү демилгелерин өнүктүрүүнү жана илимий-практикалык долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт.
«Альянс Алтын» дагы бир жолу ачык диалогго даяр экендигин, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана энергетика, өнөр жай жана адамдык капитал чөйрөсүндө туруктуу демилгелерди ишке ашырууга багытталгандыгын тастыктады.