Кара-Сууда эркек киши кайненесин өлтүрүп, аялын бычактады деп шектелүүдө

20-июнь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган кезде, Мады айыл аймагынын тургуну үйүндө аялы менен кайын энесин учтуу нерсе менен сайганы, натыйжада, аялы денесинен жараат алып ооруканага жеткирилгени, ал эми кайын энеси окуя болгон жерде каза болгондугу маалым болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталды. Жүргүзүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.