
Баткенде 8,05 гектар эер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө “Кызыл-Бел-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан, жалпы аянты 8,05 гектар мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Тактап айтканда, 1988-жылы “Агроөнөржайэнерго” ишканасына айыл чарба муктаждыктары үчүн 10 гектар жер бөлүнгөн. Андан кийин 1996-жылы ишкана “Баткенайылэнерго” ЖЧКсы болуп кайра түзүлүп, мүлктүк комплекстин жана жер участогунун бааланган наркы 267 миң 556 сом болуп бекитилген.
Андан кийин 2009-жылдан 2022-жылга чейин аталган жер тилкеси “Баткенайылэнерго” ЖЧК директору тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, коммерциялык багытка трансформацияланган.
Тергөө алдындагы текшерүү процессинде менчик ээлери ыктыярдуу негизде 8,05 га өлчөмүндөгү жер тилкесин мамлекетке өткөрүп беришкен.