
Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу чоң форматтагы тарыхый сериал тартылып баштады. Бул тууралуу сериалдын режиссеру Сүйүн Откеев билдирди.
“Кара кыргыз” сериалында – 1917-жылдары эл үчүн күрөшкөн беш залкар инсандын өмүр жолу аркылуу үркүн, саясий күрөш жана советтик репрессия окуялары чагылдырылат. Алар – Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыков.
Сериалды “Кыргыз сериал” жана “Арна продакш” компаниялары тартууда.