Бишкектеги тез татым жайында массалык уулануу катталды

Бишкекте «Даамдуу» тез тамактануучу жайда массалык уулануу катталды. Жалпы 12 адам жабыркап, алардын алтысы ооруканада. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Мекеме Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы ага 41 миң сом айып салып, жагдайлар такталганга чейин жапкан.