Ош шаарында тамада бычакталып, ооруканада көз жумду

Ош шаарында тамада болуп иштеген 28 жаштагы киши бычакталып, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу шаардык ИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш Жапалак айылында 16-июнда болгон.

Укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, шектүү жабырлануучуну акырекке сайып жиберген.

Кылмышка шектелип 33 жаштагы айылдашы кармалды.