
Авазбек Атаханов Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кызматтан бошотуунун себептери айтылган эмес.
Авазбек Атаханов 2024-жылдын сентябрында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалган, буга чейин бир жыл тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. 2005-2007-жылдары Иранда элчи болуп, Катар жана Ооганстанда да иштеген.