Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардагы таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу эртең, 27-февралда төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу болбойт:

– Кийизбаева – Мамбетов  – Курманжан Датка  көчөлөрү. Саат 10:00дөн 20:00гө чейин;
– Ахунбев – Руставели – Тыналиев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин;
– Саманчин – Малдыбаев – Байтик баатыр – Сүйөркулов – Тыныстанов – Малдыбаев – Ахунбаев көчөлөрү. Саат  10:00дөн 14:00гө чейин.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.