Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык администрациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык жана экономиканын көмүскө курамын кыскартуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Салык кодексине төмөнкү негизги өзгөртүүлөр киргизилди:
— жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жактардын айрым категориялары үчүн бирдиктүү салык декларациясын жокко чыгаруу;
— салык милдеттенмелерин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонуу жол-жобосун өркүндөтүү, атап айтканда салык милдеттенмелерин аткаруу бөлүгүндө ишкердик субъекттерин колдоо максатында салык төлөөчүнүн салыктык текшерүүнүн же отчеттуулук боюнча жыйынтыгы боюнча кошумча Эсептөөнү толук эмес көлөмдө төлөө мүмкүнчүлүгүнүн болушу;
— салыктык төлөм талаптарын коюу жол-жоболорун тартипке келтирүү, ошондой эле таанылган салык карыздары боюнча салык төлөөчүлөрдөн карыздарды өндүрүү процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык катталган бардык банктарга салыктык төлөм талаптарын коюу;
— сот органдарына жүктү азайтууга мүмкүндүк берүүчү салык карыздарын мажбурлап өндүрүп алуунун жаңы тартиби;
— ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында чет өлкөдөн сатып алынган атайын товарларды жана тетиктерди киреше салыгынан бошотуу;
— «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мектепке чейинки билим берүү боюнча социалдык эсептен чыгаруу укугун ылайык келтирүү;
—берүүлөрү КНСтен жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулган коммерциялык эмес уюмдарга жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелерин киргизүү;
— заманбап шарттарда мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруунун жаңы механизмдерин колдонууга мүмкүндүк берүүчү КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эсебинен, анын ичинде санариптик казыналык милдеттенмелер менен ишке ашыруу жөнүндө ченемди киргизүү;
— роялти төлөөчүлөрдүн чөйрөсүн жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон мезгилде казып алынган пайдалуу кендердин калдыктарын сатууну ишке ашыруучу уюмдар же жеке ишкерлер менен кеңейтүү;
— айрым салык жеңилдиктери боюнча 2030-жалдын 1-январына чейин салыктык жеңилдиктердин колдонуу мөөнөтүн белгилөө.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр каралган:
— башка жакка катталган төлөм системаларын пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу;
— акциздик продукцияны акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалары же/жана идентификациялоо каражаттары менен жүгүртүү үчүн айыптарды көбөйтүү;
— товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын навигациялык пломбаларын пайдалануу менен товарларды ташууну көзөмөлдөө системасынын Улуттук операторуна жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын чарбакер субъекттерине жоопкерчилик чараларын колдонуу.
Ошондой эле Мыйзамда төмөнкүдөй ченемдер каралган:
— 2025-жылдын 1-июлуна чейин курулуш компаниялары үчүн бирдиктүү салыктан жалпы режимге же жалпы режимден бирдиктүү салыкка өтүү. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууну же салык салуунун бул тутумунан чыгууга ниеттенген турак жай жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, ошондой эле атайын курулуш иштерин аткарган субъектилер учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык органына 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилдин ичинде салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу;
— баштапкы эсепке алуу документтери жок товарларга салык төлөөчүлөрдү салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттеринен, мындай товарлар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына 2025-жылдын 1-апрелине чейин киргизүү шартында бошотуу, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) алкоголдук продукциялар, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдары;
2) ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддорундагы майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо, мунай жана мунай азыктары;
3) салыктык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө салык кызматынын органынын чечимдери бар, аларга карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар товарлар.
Мыйзамдын күчүнө кирүүнүн башка мөөнөтү каралган айрым жоболорун кошпогондо ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.