Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер титирөө бүгүн саат 10:45те катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Силкинүү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.