Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая каргашада каза болгондордун саны 76га жеткенин айтып, 45 сөөктүн тек-жайы аныкталганын кошумчалады. 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланды. Өрт 21-январда таңкы саат үчтө 237 адам жашаган, жыгачтан курулган 12 кабаттуу мейманкананын ресторанында башталган. Кеминде эки киши терезеден секирип каза болгон. Айрымдары бөлмөлөрүнөн шейшеп жамынып качып чыгууга аракет кылышкан. Тилсиз жоонун келип чыккан себептери азырынча белгисиз. Түрк өкмөтү иликтөө жүргүзүү үчүн алты прокурорду дайындаганын кабарлады. Окуя болгон жерге ондогон өрт өчүрүүчү жана 38 “Тез жардам” кызматы жөнөтүлгөн. Мейманкана тоо боорунда жайгашкандыктан куткаруу иштери кыйын болду. Өрт 10 сааттан кийин гана өчүрүлгөнү маалымдалды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Карталкаядагы” өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирди.