«Жарандарды милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө» жарлыкка президент кол койду.
Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу 2025-жылдын март-май жана сентябрь-ноябрь айларында жарыяланды.
Аскерге чакырууга кийинкиге калтырууга укугу жок, 18 жашка толгон жана кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркектер чакырылат.
Ушул эле жарлык менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан белгиленген мөөнөттү өтөгөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери запаска бошотулду.
Жарлык 25-январдан тарта күчүнө кирет.