Өзбекстанда 17 адам жасалма арак ичип, каза болду

Самаркандда “Химиктер” айылында 17 адам колго жасалган спирт ичимдиктерин ичип каза болгон. Тактап айтканда, Нурафшон махалласында акыркы төрт күндө 7 адам каза болду. Бул тууралуу аталган махалланын (айыл өкмөттүн) төрагасы ырастады, деп маалымдайт жергиликтүү маалымат каражаттары.

Күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү дүкөндөрдүн биринде алкоголдук ичимдиктер желим бөтөлкөлөрдө мыйзамсыз сатылган.

Жалпысынан 9-12-январь аралыгында Самарканд шаарынын беш жана ага жакын жайгашкан Пастдаргом районундагы “Найман” махалласында 17 адам метил спиртине ууланып каза болгон.

Каза болгондор 45 жаштан 65 жашка чейинкилер жана алкоголдук ичимдиктерге берилип кеткен атуулдар. Алардын бири аял, калгандары эркектер.

Бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү катары 75 жана 57 жаштагы эки жаран кармалган. Укук коргоо органдары тарабынан экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 13-январда Республика башкы прокуратурасы бул окуянын кесепетинен 5 адам каза болгону тууралуу расмий билдирүү тараткан.