Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев көп балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, 2024-жылдын 23-декабрында жаран Нурзат Нуржановадан турак-жай менен камсыз кылуу боюнча жардам сурап кайрылуу түшкөн.
Аял алты баланы тарбиялап жатат. Балдардын улуусу 13 жашта, кичүүсү 3 жашта. Үй-бүлө оор турмуштук кырдаалда турат: алардын өз үйү жок, материалдык абалы балдарын толук камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт.
Кошумчалай кетсек, Нурзат Нуржанованын бутуна операция жасалып, анын кыймыл-аракети жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Жолдошум такси кызматында иштеген, азыр тамак-аш жеткирип турат, бирок ден соолугуна байланыштуу оор физикалык жумуштарды да жасай албайт. Үй-бүлө Аламүдүн айылында үйдү ижарага алып турушкан.
Камчыбек Ташиев өтүнүчтү кароосуз калтырган жок. Үй-бүлөгө жаңы батирдин ачкычын тапшырып, жакшылык каалады.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2024-жылдын май айында жашы жете элек 8 баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге Токмак шаарынан үч бөлмөлүү батир белек кылган.