Кыргызстанда мектептерде күзгү каникул 4-ноябрда башталат 

Кыргызстанда мектептерде күзгү каникул 4-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күзгү каникул 7 күнгө созулат.

Мектеп окуучулары 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алат, сабактар 11-ноябрда башталмакчы.