Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Сот публицист Олжобай Шакирдин ишин карап, камактагы бөгөт чарасын өзгөрттү. Тагыраагы, сот жазуучуну коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарды.
Белгилесек, ушул жылдын 14-майында Аламүдүн райондук соту жазуучу Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган. Олжобай Шакир Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен 2023-жылдын 23-августунда кармалган