Өзбекистан селден жабыркаган Ош облусуна гумжардам жөнөттү

Өзбекстан Ош облусундагы селден жабыркагандарга 200 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Анжиян облустук акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жүк «Достук» чек ара бекети аркылуу өтүп, аны облус башчысы Шухрат Абдурахманов коштоп келди. Жалпы салмагы 200 тоннаны түзгөн кийим-кече, азык-түлүк, үй буюмдары жана курулуш материалдары 13 жүк унаасына жүктөлгөн.

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел беш кишини агызып кеткен. Бүгүнкү күнгө карата алардын баарынын тең сөөгү табылды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн — 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селден улам Ош облусунун Кара-Суу районунда жалпы үч айыл аймакта (Мады, Датка, Баш-Булак) 642 үйдү суу каптап, тогуз социалдык объект (төрт мектеп, бир бала бакча, эки оорукана, бир музей, бир ФАП) зыян тартканын кабарлаган. Ош шаары боюнча болжол менен 146 турак үй, беш эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркаган. Борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган.

Өзбекстан буга чейин да Ноокат районундагы селден жабыркагандарга 95 тонналык гуманитардык жардам жөнөткөн.