2024-жылдын январь-майында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды, деди Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсеп боюнча дээрлик 444 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көп.
Ал белгилегендей, ИДПнын өсүүсү товар өндүрүүнүн – 27,9%га, кызмат көрсөтүү секторунун – 51,8%га, салыктык түшүүлөрдүн – 20,3%га өсүүсү менен шартталган.