Футбол: Эртең Кыргызстан – Оман беттеши өтөт

Эртең, 11-июнда Кыргызстан – Оман беттеши өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Футбол боюнча улуттук курамалардын мелдеши Омандын борбору Маскат шаарындагы “Султан Кабус” атындагы спорт комплексинде болот.

Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат. Мында кыргыз спортчулары ак, омандыктар кызыл түстөгү формалар менен чыгышат.

Бүгүн, 10-июнда беттеш алдындагы уюштуруу жыйыны болду.

Оюнду утурлай спортчулар Маскат шаарындагы 40 градустук аптапка карабай, машыгуусун улантууда.

Буга чейин Бишкекте Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши орун алып, тең чыгуу менен аяктаган.