Бишкек шаарында Байтик баатыр – Иса Ахунбаев – Касымалы Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук паркынын ачылыш аземи болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, салтанаттуу ачылыш аземге мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонжэ жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.
Ардактуу меймандар үчүн Корея өкмөтүнүн каражаттарынын эсебинен сатылып алынган “Бишкекжашылынкурулуш” муниципалдык ишканасынын техникалык жабдуулары көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында Мирлан Байгончоков жана Ли Вон джэ бак-дарак отургузушту.