Бишкекте алдамчылык фактысы боюнча жактоочу кармалды — УКМК 

Алдамчылык фактысы боюнча “П” жактоочулар коллегиясынын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат укук коргоо тутумундагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин алкагында “П” адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Э.Д.Т. тарабынан жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүүдө ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, аталган жактоочу Э.Д.Т. юридикалык жардам көрсөтүүдө, өзүнүн жактоочулук ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, маселени коррупциялык жол менен чечүү шылтоосу менен (“пара” берүү менен) жабырлануучудан, кылмыш ишин тергеп жаткан укук коргоо органынын кызмат адамдарына жана соттун мыйзамсыз чечимине карата 200 миң доллардан ашык акча алган.

Деген менен Э.Д.Т. ири суммадагы акча каражатын алганына карабастан, жабырлануучу КР Кылмыш-жаза кодексинин 242-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп табылган.

Буга байланыштуу өз милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн, анын ичинде мыйзамсыз акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү көздөгөн Э.Д.Т.га карата чара көрүү өтүнүчү менен жабырлануучу УКМКга кайрылган.

Жогорудагы факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5 миң доллар (4 миң АКШ доллары жана 88 миң сом) кайтарып берип жаткан учурда жактоочу Э.Д.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө (алдамчылык) каралган кылмышка шектүү катары жактоочу Э.Д.Т. КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК жарандарды сак болууга жана тигил же бул маселени мыйзамсыз чечүү үчүн акча талап кылган абийирсиз жактоочулардын жана башка адамдардын аракеттерине алданбоого чакырат. “Эгерде алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерге туш болсоңуздар УКМКга кайрылууну сунуштайбыз”, – деп айтылат маалыматта.