Эркиндикти жок кылуунун кезектеги аракети

Кыргызстанда акыркы кезде репрессиялык маңыздагы мыйзамдар кабыл алынып, демократиялык өнүгүү жолунан тайып баратканы анык болуп калды. Жалаң тыюу, кысымга алууну көздөгөн иш аракеттер өлкөнүн өнүгүшүнө, келечегине кандай таасир тийгизет? Сөз эркиндигин, өз пикирин эркин билдирүү укуктарын кысымга алуунун кесепетин кимдер тартат? Бул боюнча кыргыз өкмөтүнүн кезектеги аракетин төмөнкү макалада чечмелеп беребиз.

Медиа чөйрөнү кысымга алуунун башаты

Буга чейин эле сөз эркиндигин чектөө менен көз карандысыз ЖМКлардын эркин иштөөсүнө тоскоолдук келтирчү “анык эмес жалган маалыматтан коргоо”, “чет элдик агент” жөнүндөгү мыйзамдар кабыл алынган. Булар сөз эркиндигин, адамдардын өз көз караштарын эркин билдирүүсүн чектеп, цензурага жол ача тургандыгын журналисттер, жарандык активисттер талыкпай айтып келе жатышат.

Азыркы убакта болсо жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоору кайрадан иштелип жатат. Эске сала кетчү жагдай, жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоору убагында Кыргызстандын медиа чөйрөсүнүн ой-пикирлерин эске албастан президенттик администрация тараптан гана бир жактуу иштелип чыккан. Эгер ошол түрдө кабыл алынса, анда сөз эркиндиги, жарандардын ой-пикирлерин эркин билдирүүсү, маалымат алуусу, жайылтуусу өтө чектелип, көз карандысыз маалымат каражаттарынын эркин иштөөсү жокко чыкмак. Өз убагында буларды көптөгөн журналисттер, жарандык активисттер көзгө сая далилдеп көрсөтүп, какшап айтып турушту. Ушулардан кийин гана Президент бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алып, азыр мыйзамдын жаңы долбоору иштелүүдө.

Акылбек Жапаров эмнени каалайт?

Жогоруда келтирилгендердин бардыгы аз келип жаткансып, ушул тапта Интернет айдыңындагы жалган жалаа менен кемсинтүү, мазактоолорго чара көрүү үчүн административдик жаза катары атайын берене кабыл алуу аракети башталды.

Буга КР МинКаб төрагасы А. Жапаровдун тапшырмасы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамы долбоору себеп болуп жатат. Аталган мыйзам долбоорунда КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексин жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармактарындагы сайттарда же Интернеттеги сайттын баракчасында башка адамдарга жалаа жабуу жана мазактоонун жоопкерчилигин караган жаңы берене менен толуктоо каралган.

Адегенде министрликтин мыйзам долбоорун коштогон маалымкат – негиздемесине кайрылсак, “… ар кандай жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет ресурстары аркылуу билип туруп жалган маалыматтардын таралышы жана мазактоо учурларынын көбөйүшү байкалууда. Бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдар аралык мамилелерге коркунуч жаратат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет – платформаларда мазактоо жана атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу учурларына жетиштүү түрдө натыйжалуу жооп кайтарбайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте жайылган мазактоо жана басынтуу жалпы коомго терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул чыр-чатактын күчөшүнө, адамдар арасындагы мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Жалаа жана жалган айыптоолор маалыматка жана ЖМКга болгон ишенимге зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан жалаа жөнүндө беренени киргизүү коомдук дискурстун сапатын жана ишенимдүүлүгүн сактоого, маалыматка болгон элдин ишенимин коргоого жардам берет” дейт.

Министрликтин жогорудагы негиздемесин окуган соң, Кыргызстандын Конституциясы, ушул кезге чейин иштеп келе жаткан көптөгөн башка мыйзамдары жалган жалаалар менен мазактоо, кемсинтүүлөрдүн тизгинин тарта албай калганбы деген ой келет. А балким маселенин төркүнү башкада болуп жүрбөсүн?.. Коомчулуктун адеп-ахлагын ойлоп, чыр-чатактын алдын алууга көрүлүп жаткан камкордуктай көрүнгөнү менен, мунун алыска ыргытылган кайырмагы башкада. Биздин оюбузча, жогоруда аталган мыйзамдар жана Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен ишке аша турган кезектеги мыйзам долбоорунун түпкү максаты – журналисттердин оозун жабуу менен коомчулуктун бийликтеги мамлекеттик кызматкерлерди сындоолорун тыюуну гана көздөйт.

Оңтою келген учурларда бийлик башындагы адамдар сөз эркиндигин, демократияны колдой тургандыгын ар убак айтып келишет. Бирок эң өкүнүчтүүсү, иш жүзүндө өлкөнүн медиа мейкиндигинде жалаң гана тыюу салууга, ооздуктоого, жазалоого гана байланышкан мыйзамдар кабыл алынып жатат. Ушундан улам, Акылбек Жапаровдун жеке демилгеси менен жасалып жаткан акыркы мыйзам долбоору аркылуу мамлекеттик жетекчилерди сындагандарды атайын киргизиле турган берене аркылуу айыпка жыгуу, мунун арты менен сынды азайтуу гана болуп эсептелет. Айып төлөп калуудан корккон адамдарда эркин ой-пикир, сын айтуу чектелип, ал эми аткаминерлер өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери үчүн эч кимден жазганбай калышат. Себеби бийлик менен макул болбогон ар кандай көз карашты, пикирди, сынды жалган жалаага же мазактоого чыгаруу оңой болуп калат.

Мамлекеттик бийлик ЖМК аркылуу жалпы коомчулук алдында отчет берип турат. Мамлекеттик кызматкерлердин жасаган аракеттерине журналисттер, жарандык активисттер жана жалпы эле коомчулуктун өкүлдөрү салына турган айыптардан коркпой өз пикирлерин эркин айтып турушса гана өзгөрүүлөр, майнаптуу иштер болот. Эгер салына турган айыптардан коркуп, өз ой пикирлерин эркин айта албаса, анда бул мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупциялык схемалардын коолап-чайлап өсүшүнө, ал эми жалпы бийликтин жасаган аракеттеринин майнапсыз болуусуна алып келет.

Конституциядагы укуктар менен эркиндиктер жокко чыгабы?

Эми жогоруда министрлик келтирген жүйөөлөр КР Конституциясынын, иштеп жаткан башка мыйзамдардын беренелерине кандайча карама-каршы келе тургандыгын фактылар аркылуу талдап көрөлү.

Биринчиден, КР Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат” деп турат. Ал эми Конституциянын 23-беренесинин 5-бөлүгүндө “Конституцияда белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт” деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, ушул эле Конституциянын 29-беренесинин 2-бөлүгүндө “Эч ким инсандын абийирине жана ар-намысына доо кетирген же аны кемсинткен маалыматты тараткандыгы үчүн жазык куугунтугуна алынышы мүмкүн эмес” деп даана жазылып турат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргызстанда таанылган эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптери менен ченемдери да, “Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу” (32-берененин 1-2-бөлүктөрү), “Ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу” (33-берененин 1-бөлүгү) экендиги да так жана ачык-айкын көрсөтүлгөн. Булар азыркы бийлик 2021-жылы кабыл алган, азыр иштеп жаткан Конституцияда жазылган беренелер. Демек, Конституциянын беренелери менен эл аралык укуктун ченемдерине каршы келген мыйзамдарды кабыл алуу менен мыйзам талаасында карама-каршылыктарды жаратууга кандай зарылдык бар?

Эске сала турган бир жагдай, буга чейин деле адамдык ар-намыска жана беделге шек келтирди деген доо арыздар менен көптөгөн соттук териштирүүлөр болуп келген. Журналисттер, жеке адамдар ушундай доо арыздар менен жоопкерчилик тартып келишкен, анын ичинде ушундай доо менен мен дагы бир нече жолу депутаттар, башка мамлекеттик кызматкерлер менен соттошконум эсимде.

Соттун функциясын маморган аткарса же “Карга карганын көзүн чукубайт”

Эми жаңы киргизиле турган Интернеттеги жалаа жабуу жана мазактоо тууралуу беренеге келели. Бул түшүнүктөр моралдык, этикалык категорияга киргендиктен, алар мыйзамда кандайча аныкталат? Бул мыйзамды ишке ашыра тургандар кимдер, дегеле мындай түшүнүктөрдүн же ойлордун жалаа же мазактоо экендигин кантип далилдешет? Себеби жалаа жабуу менен мазактоо баа бериле турган түшүнүктөр эмеспи. Эгерде жалаа жабуу же мазактоо боюнча доо коюлуп калса, аны сотто териштирүүдө бардык тиешелүү экспертизалар жасалып, далилдер келтирилип, тараптардын атаандаштыгынын тең салмагы сакталуу менен ишке ашырылууга тийиш. Мындай соттук териштирүүгө өз ойлорун ачык айтышкан бардык жарандар, ЖМК, журналисттер, жарандык активисттер жана башка коомдогу жеке позициясы активдүү адамдар катышып калуу опурталдыгы бар. Эң кызыгы, мыйзам долбоору боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган айтылган ой-пикирдин башка бир адамга карата жалаа же мазактоо экендигин өз билгениндей баалап, ал үчүн жоопкерчиликке тартууну аныктайт. Эгер мындай болсо, “Карга карганын көзүн чукубайт” дегендей, аткаминерлер өз оюн эркин билдирген адамдарды ушул мыйзамга такап, жоопкерчиликке тартпайт деп ким кепилдик берет?

Анда бир жагынан адамдардын ар-намысын, ишкердик беделин коргоого болгон укуктары менен, экинчи жагынан Конституция кепилдик берген “Ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу” деген укуктар менен эркиндиктердин ортосундагы тең салмакты кармап иш алып баруучу соттун функцияларын кайсы бир мамлекеттик орган тартып алабы?

Иштеп жаткан мыйзам, “Бөйрөктөн чыккан шыйрак”

Белгилей кетчү дагы бир жагдай, КР Жарандык кодексинин 18-беренеси адамдын ар-намысына шек келтирүүнүн же юридикалык тараптын ишкердик беделине шек келтирген жагдайда жоопкерчиликке тартуунун тартибин аныктайт. Ал эми “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам жалган маалыматтан запкы көргөн адам менен андай маалыматты жарыялаган маалымат булагынын ортосундагы мыйзамдык мамилелерди аныктап келет. Башкача айтканда, Акылбек Жапаров кайталап киргизүүнү көздөп жаткан мыйзамдуу жоопкерчилик Жарандык кодекс жана атайын кабыл алынган мыйзам аркылуу ишке ашырылып жатат. Андай болсо, дагы бир кайталаган мыйзамды кабыл алып, “Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун” кандай зарылдыгы бар?

Баарыбызга белгилүү болгондой, адамдын ар-намысын, беделин коргоонун негизги ыкмасы сот аркылуу коргоого болгон укук. Бул укук бардык укуктар менен эркиндиктерди коргоонун процесстик кепилдиги, ошондой эле адамдын ар-намысын коргоонун иштиктүү чарасы катары КР Конституциясынын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө “Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты мыйзамсыз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укуксуз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет”, ал эми 61-берененин 1-бөлүгүндө “Ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет” деп так көрсөтүлгөн.

Азыркы Конституция адамдардын укуктары менен эркиндиктерин даана белгилеп, алар боюнча жоопкерчиликти так аныктап жатса, ага карама-каршы келген мыйзамды кабыл алууга аракеттин өзү айрым мамлекеттик кызматкерлердин корпоративдик кызыкчылыктарын гана ойлоорун айгинелеп турат.