Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабыларын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан эскертишти.
20-21-мартта төмөнкү жолдорго убактылуу чектөө кирет:
- Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
- Раззакова көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Кайгуул кызмат башкармалыгы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.