Кыргызстандагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, ал эми бажы органдары тарабынан экспертизадан өткөрүү талап кылынбайт деп белгиленген.

Мындан башка, мыйзамда кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдөн тышкары, биржалык бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык ырасталууга тийиш эмес деп каралган. Ошондой эле товардык биржанын мүчөлөрүнө товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укук берилген.