Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин тандоо жөнүндө” буйругу чыкты.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, республикалык тандоо 5 этаптан турат.
Ага төмөндөгү жалпы билим берүү уюмдары катыша алат:
- мурдагы жылдары жеңүүчү болуп аныкталбаган жана окуучулардын саны үч жүздөн кем эмес мектептер;
- мыкты мектеп аталышына талапкерлер болуп район, шаар жана облус боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ болгон мектеп;
- билим сапаты жогору жана билим берүү кызматын өнүктүрүүдө, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар мектеп;
- профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багтытталган окутууну өздөштүргөн, техникалык, эстетикалык ж.б. ийримдерди ийгиликтүү уюштурган мектеп.