Майлуу-Сууда дүкөндү тоноп кеткен Өзбекстандын жарандары кармалды 

Майлуу-Сууда милиция миллион сомдон ашык алтын зер буюмдарды уурдап кетишкен коӊшу мамлекеттин жарандарын кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрда Майлуу-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, түнкү саат 04:15 чамасында “Зарядка” дүкөнүнө белгисиз адамдар кирип, алтын-зер буюмдарын жана 134 даана уюулдук телефондорду уурдап, дүкөндү өрттөп кеткендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучу М.А. 1 млн 912 миң 400 сомдук зыян тарткан.

Бул окуя Майлуу-Суу шаардык милцияга кылмыштардын бирдиктүү ресстрине КР Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (“Тоноо”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Майлуу-Суу ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Өзбекстандын жарандары 39 жаштагы Ш.К. жана С.С. аныкталган. Алар Ноокен районунун Бүргөндү айылында чектеш чек арадан уурдалган буюмдары менен мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалып, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.