Кыргызстандын президенти тарабынан колдоого алынган Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешин түзүү демилгеси эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара мамилеге жаңы дем берет. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарында өткөн Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда билдирди.
Ал бул жолугушууну өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу, Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин германиялык тараптан теңтөрагасы Карл-Хуго Эрнст Элердингге ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосунда түзүлгөн достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү жогору бааларын билдирди.
«Биз өлкөлөр ортосунда түзүлгөн достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайбыз, аны бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасы бардык күч-аракетин жумшайт. Биз ар дайым биргелешип иштөөгө, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана кеңири чөйрөдө кызматташууга ачыкпыз. Бүгүнкү күндүн биринчи жарымында өткөн кыргыз-герман бизнес-форуму абдан жылуу жана ишенимдүү маанайда өттү», – деди министрлер кабинетинин башчысы.
Ал белгилегендей, дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук шарттарында көптөгөн мамлекеттер экономика жана логистика тармагында бир катар кыйынчылыктарга туш болууда. Пессимисттик болжолдорго карабастан, Кыргызстандын экономикасы экономикалык өсүштүн оң тенденциясын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу өсүү темпи 107,0% түздү. 2022-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 1,1% гана түздү. Жакында жарыяланган БУУнун Туруктуу өнүгүү баяндамасына ылайык, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишип, БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээледи.
Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жемиштүү диалогго жана экономиканын бардык тармактарында ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда, баштапкы долбоорлорду коштоодо келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүгө даяр жана ачык экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, бизнес-кеңештин алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары болуп финансы сектору, өнөр жай, агроөнөр жай сектору, кайра жаралуучу энергия булактары , логистика жана инфраструктура, маалымат технологиялары жана кадрларды даярдоо тармагында кызматташуу саналат.
«Кыргызстандын жер казынасы пайдалуу кендерге бай, алтынга, көмүргө гана эмес, темирге да бай – бир гана кендин бир участогунда эле 5 млрд тоннадан ашык руда бар, титанга, ошондой эле учурда жогорку экономикалык суроо-талапка ээ болгон сейрек кездешүүчү металлдарга (европий, цирконий, цезий, лантаноиддер тобу ж.б.) бай. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын март айында Европалык Комиссия 34 минералды камтыган Критикалык маанилүү чийки зат тууралуу актыны кабыл алган.
Анын ичинен 17 элемент стратегиялык чийки зат катары саналат. Бул 17 стратегиялык материалдын 10у Кыргызстандын кендеринде бар экенин белгилегим келет. Мисалга бир эле кендеги титаномагнетиттин болжолдонгон запасы 20 млн тоннага жакын, ал эми 21 элементти камтыган сейрек кездешүүчү металлдардын запасы 60 миң тоннадай деп айта алам. Биз германиялык өнөктөштөрүбүздү биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерине чакырабыз жана экономиканын бул келечектүү тармагы – тоо-кен тармагына инвесторлорду күтөбүз», – деди ал.
Жыйынтыгында министрлер кКабинетинин төрагасы Гамбургга болгон иш сапары жана анын жыйынтыктары стратегиялык өнөктөштүктү жана ишенимдүү мамилелерди өнүктүрүүгө дагы чоң түрткү берерине ишеним билдирди.