“Альянс Алтын” Талас облусунда “Карылар күнүн” белгиледи

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы 3-октябрь күнү “Эл аралык карылар күнүнө” карата Талас облусунун аймагында сый тамак уюштурду. Бул тууралуу компаниянын коомчулук менен байланыш кызматынын кызматкери Асман Ташматов билдирди.

Маалыматта компания Талас облустук администрациясы менен биргеликте Талас шаарындагы ресторандардын биринде эки жүзгө чукул облустун ардагерлерин чакырып, сый тамак жана концерттик программа уюштурган. “Альянс Алтын” Талас облусундагы мындай ар бир иш-чарага көмөкчү болгонуна облустук бийликтин өкүлдөрү жана сый тамакка келген аксакалдар ыраазычылыгын билдиришти.

Мындан тышкары “Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлери Кынатбек Сарчаев, Батырбек Алымкулов сый тамакка катыша албаган карыялардын, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин үйлөрүнө барып куттукташты.  Бакыян айылынын тургуну, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери 98 жаштагы Арстанбеков Араке аксакал компаниянын кампордугуна ырахматын айтып, батасын берди.

 Компаниянын кезектеги карыяларды сыйлоо аземи 6-октябрь күнү Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө дагы өткөрүлөт. Ал иш-чарага 250дөй айыл аксакалдары катышат.