Кароосуз калган унаалар алынат

Акыркы убакта шаар тургундарынан  жолдо, короо-сарайларда, унаа токтотуучу жайларда, өзгөчө техникалык тейлөө станцияларынын (СТО) жанында кароосуз калган унаалар боюнча кайрылуулар көбөйдү.

Биринчи май районунда №15 МАБнын кызматкерлери Волков  көчөсүндө  П.Лумумба көчөсүнөн   Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүктө кароосуз калган, туура эмес жерде токтогон унаалардын ээлерине жана техникалык тейлөө станцияларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 13 унаанын ээсине  билдирүү таратылып, унааларга эскертүүлөр чапталган.

Кошумчалай кетсек, бул көчөнүн боюнда тейлөө станциялары көп жайгашкан.

Ошентип, билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган беш күндүк мөөнөттө транспорттук каражатты эвакуациялоону жүзөгө ашырат, ал эми эвакуатордун жана унаа токтотуучу жайлардын чыгымдарын кыймылдуу мүлктүн ээлери көтөрөт.

Белгилей кетсек, бул чаралар муниципалдык жерлерди жана имараттарды инвентаризациялоого, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлүүдө.

Суроолор боюнча №15 МАБга кайрылсаңыздар болот, дареги:  Кайназарова көч.,102, байланыш телефону: 0(702) 222 827.