Бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясынын ачылышына жана башка бир катар иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Жоан Лапорта жетектеген «Барселона» футбол клубунун өкүлдөрүн Кыргызстан тосуп алды.
Жоан Лапорта Кыргызстанда клубдун футбол академияларын ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, бул иштеги мамлекет башчынын жеке эмгегин баса белгиледи.
Ал ошондой эле 30-августта Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган «Азия легендалары» менен боло турган беттешке пландары тууралуу айтып берди.
«Биз оюнга даярданып жатабыз жана жакшы оюн көрсөткүбүз келет. Ар бир команданын баалуулугу – жеңиш, бирок биз ар дайым кызыктуу оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз, андыктан биздин өзгөчөлүк биздин стилде. Биз адамдын эң жакшы сапаттарын баалап, аларды ачууга аракет кылган командабыз”, — деди Жоан Лапорта.