«Барселона» футбол клубунун жетекчиси Жоан Лапорта Кыргызстанга келди. Конокту тосуп алууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков катышты.
Жоан Лапорта Бишкектеги «Барса» футбол академиясынын курулушуна капсула салууга катышат.
Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн футбол федерацияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.
Буга чейин Бишкекке «Барселона» футбол командасынын капитаны Карлес Пуйоль келген. Эске салсак, 30-августта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда «Барса» клубунун легендарлуу футболчулары менен Азиянын жолдоштук беттеши болот.