Ысык-Көлдүн милициясы казакстандык эс алуучуларга жардам беришти

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын 59 жаштагы тургуну Ахмед Исмаилов Ысык-Көлгө сапар алып бара жатып, Чолпон-Ата шаарына кире бергенде, автоунаасы бузулуп токтоп калган. Анын жанында, 62 жаштагы жердеши Абдубакир Хивазов да болгон.


Унаасын жолдун четине токтотуп, айдоочу досу менен көйгөйдү чечүүгө аракет кылышкан. Бирок көйгөй чечилген эмес. Бул учурда, милициянын улук лейтенанты Иманбек уулу Жолдошбек жана милициянын кенже лейтенанты Улан Бекешевдин курамынан турган Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын экипажы өтүп бара жаткан эле. Эс алуучуларды көргөн милиция кызматкерлери дароо токтошуп, өздөрүнүн жардамдарын сунушташкан.


Эс алуучулардын автоунаасын карап чыккан милиционерлер, автоунаанын газ бөлүштүрүүчү куру иштен чыкканын билишти. Кызматтык автоунаасы менен эс алуучаларды дүкөнгө алып келип, керектүү тетикти сатып алышкан. Андан кийин унаада орун алган кемчиликти четтетип, эс алуучуларды бош орундар бар эс алуу жайына узатып келишти.
Эс алуучулар менен милиция кызматкерлери бири-бири менен бекем кол алышып коштошуп, эстеликке сүрөткө түшүштү. Өз кезегинде, эс алуучулар өз жерине келгенде, боорукер жана сылык тартип сакчылары тууралуу жердештерине сөзсүз айтып берерине убада беришти.

cc1a3023 480e 4f99 a2c9 f95a6fe3c217 Ысык-Көлдүн милициясы казакстандык эс алуучуларга жардам беришти
88eaa0c4 42da 4bf4 a298 2ff7912fcb7e Ысык-Көлдүн милициясы казакстандык эс алуучуларга жардам беришти