Болот Абдрахманов «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министрдин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырып, алдыдагы иштерине албан ийгиликтерди каалаган.
Болотбек Абдрахманов 1958-жылы Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында туулган.
Жогорку билимдүү, 1975-жылдан 1980-жылга чейин Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун механика факультетинде билим алган.
1987-жылы Москва шаарындагы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Дзержинский атындагы жогорку мектебинде билим алган.
Ж. Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетин бүтүргөн, тарых илимдеринин доктору.
Эмгек жолу:
1982-жылдан 1984-жылга чейин Автотехкызмат системасында инженер;
1984-1985-жылдары — Фрунзе шаарындагы Кыргызстан Октябрь ЛКСМ РК 2-катчысы;
1985-жылдан 1987- жылга чейин Москва шаарындагы Дзержинский атындагы СССР КГБнын Жогорку мектебинин угуучусу;
1987-жылдан 2006-жылдын январына чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы;
1994-1998-жылдары – Улуттук Коопсуздук кызматынын маалымат-аналитикалык борборунун башчысы;
1998- жылдан 2002-жылга чейин Улуттук Коопсуздук кызматынын Ысык-Көл, 2002-2006-жылдары Улуттук Коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;
— 2010-жылдын майынан 2011-жылдын январына чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору.
— 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылга чейин И. Арабаев атындагы КМУда доценттин милдетин аткаруучу;
— 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде илимий кызматкер болуп эмгектенген.
Эскерте кетсек, Болот Абдрахманов 1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, атылып кеткен Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жайды таап, аларды кайра жерге берүү иштеринин башында турган. Кийинчерээк аталган жайда «Ата-Бейит» комплекси түзүлгөн.
Кыргызстандын репрессияга кабылган интеллигенция өкүлдөрү көмүлгөн жай тууралуу маалыматты СССР учурундагы катаал заманда коомчулукка айта албай, узак жылдар бою сыр кылып сактап келген Бүбүйра Кыдыралиева ачыкка чыгарган.