
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Президенттин сайтына жарыяланган долбоордо бул мыйзамды аталган соттун чечимин кайра кароого жол ачкан 52-берене менен толуктоо каралган.
Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн.
1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;
2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
3) чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
Азыркы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими кайра кароого жатпайт.
Теги: