
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бала бакча 2 кабаттуу, 280 балага ылайыкталып салынат. Жер тилкесинин жалпы аянты — 0,83 га. Бала бакча кышында газ менен жылытылат.
«Имаратта ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу, оюн, кабыл алуу, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык- гимнастикалык зал, тазалык түйүндөрү жайгашат», — деп айтылат маалыматта.
Учурда темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, дубалын көтөрүү иштери жүрүп жатат.